Жыйынтыктар жана Эсептегич

Изилдөөнүн максаты
Биздин изилдөөбүз мектептердеги билим берүү тармагында ресурстарды бөлүштүрүүдөгү теңсиздикти изилдөөгө багытталган.

Теңсиздикти кантип изилдейбиз?
Изилдөө үчүн биз Казакстан менен Кыргызстандан 400 мектепти тандап алдык жана ал мектептерде окуучуларга кандай шарттар түзүлгөнүн бааладык. Репрезентативдүүлүк тандоо ыкмасы менен камсыз кылынат: региондор боюнча катмарланган (мегаполистер, региондор) жана аймактын түрү (шаар жана айыл). Мектептин шарттарын баалоо үчүн биз билим берүү мекемелерин мүнөздөгөн бир катар көрсөткүчтөрдү бириктирген Индексти иштеп чыктык.

Бул эмне үчүн маанилүү?
БУУнун Туруктуу өнүгүүнүн төртүнчү максаты (SDG 4) баары үчүн өмүр бою инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууга багытталган. Борбордук Азия өлкөлөрүндө балдарды орто билимге тартуу жогорку деңгээлде камсыздалган, бирок билим берүүдөгү адилеттүүлүк жана сапат маселеси ачык бойдон калууда.

Биздин изилдөө БУУ (Өнүгүү максаты 4) аткарылышы үчүн төмөнкү милдеттерге негизделген:
  • 2030-жылга карата бардык кыздарга жана балдарга акысыз, тең укуктуу жана сапаттуу башталгыч жана орто билим берүүнү камсыз кылуу.
  • Балдардын, майыптардын кызыкчылыктарын эске алуу жана гендердик сезимтал болгон билим берүү мекемелерин куруу жана өркүндөтүү. Бардыгы үчүн коопсуз, эффективдүү жана зордук-зомбулуктан жана социалдык тоскоолдуктардан эркин окуу чөйрөсүн камсыз кылуу.
Изилдөө үчүн көрсөткүчтөрдү тандоодо биз мектеп ресурстарынын сандык жетиштүүлүгүнө гана эмес, баардык мектеп окуучулары үчүн коопсуз чөйрөнү камсыз кылууга көңүл бурдук.
Индекс эмнени өлчөйт жана биз кандай шарттарды оптималдуу деп эсептейбиз?
Индекс белгилүү бир окуу жайдын оптималдуу мектеп моделине жакындоо деңгээлин өлчөйт. Индекстин максималдуу мүмкүн болгон упайы-500. Индекс 5 доменден турат жана анын ар биринен мектеп 100 упай топтой алат.
Биз кандай көрсөткүчтөрдү колдондук?
Казакстан менен Кыргызстандын билим берүү статистикасында жана анын жеткиликтүүлүгүндө айырмачылыктар бар экендигин эске алып, ар бир өлкө үчүн көрсөткүчтөрдүн өзүнчө системалары түзүлгөн.
Таблица 1. Казакстан жана Кыргызстан боюнча индекс көрсөткүчтөрү
Өлкөлөр боюнча индексти эсептөөнүн жыйынтыгы кандай?
Казакстан менен Кыргызстан боюнча индекстин жыйынтыктарын салыштырууга болбойт, анткени алар үчүн ар кандай көрсөткүчтөр системасы колдонулган.

  1. Казакстан
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо балл: 352 балл (максималдуу баллдын 70%). Максималдуу – 500 балл – бир дагы мектеп алган эмес. Теңсиздиктин тереңдиги: алдыңкы 10% мектептердин упайлары төмөнкү 10% мектептердин упайларынан 1,7 эсе жогору. Индекстин мааниси менен жайгашкан жер, окутуу тили, калктуу конуштун облус борборунан алыстыгы жана калктын саны ортосунда олуттуу корреляция аныкталган. Кененирээк

  1. Кыргызстан
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо балл: мүмкүн болгон 500 баллдын ичинен 229 (45%). Минималдуу балл 500 баллдан 73 балл (максималдуу баллдын 14,6%), максималдуу балл 500 баллдан 387,5 балл (77,5%). Теңсиздиктин тереңдиги: алдыңкы 10% мектептердин упайлары төмөнкү 10% мектептердин упайларынан 2,5 эсе жогору. Кененирээк

Эсептегич
Калькулятор сиздин мектебиңиздеги шарттар оптималдууга канчалык жакын экендигин баалоого жардам берет. Анын жыйынтыгына таянып мектеп администрациясына же жергиликтүү аткаруу бийлигине кат аркылуу мектеп шарттарын жакшыртуу өтүнүчү менен кайрылсаңыз болот.
Эсептегич

Мектеп Казакстандын башка мектептерине салыштырмалуу кандай жыйынтыктарды көрсөткөнүн түшүнүү үчүн төмөнкү таблицаны караңыз.
Таблица 2. Эсептегичин натыйжаларын интерпретациялоо: Казакстан мектептерин алган баллдардын санына жараша топторго бөлүштүрүү
Эсептегич

Мектеп Кыргызстандын башка мектептерине салыштырмалуу кандай жыйынтыктарды көрсөткөнүн түшүнүү үчүн төмөнкү таблицаны караңыз.
Таблица 2. Эсептегичин натыйжаларын интерпретациялоо: Кыргызстандагы мектептерди алган баллдардын санына жараша топторго бөлүштүрүү
Өзбекстан менен Тажикстандын айрым мектептери боюнча статистикалык маалыматтарды алуу мүмкүн болбогондуктан,өлкөдөгү башка мектептер менен салыштыруу мүмкүнчүлүгүн сунуштай албайбыз. Ага карабастан, сиз мектептеги шарттар оптималдуу шарттарга канчалык жакын экенин түшүнүү үчүн Эсептегич колдоно аласыз.

Эсептегич (Өзбекстан)
Эсептегич (Тажикстандын)


PUBLIC
POLICY
RESEARCH


© 2015-2023 Paperlab

РАССЫЛКА